16:42
USD 87.45
EUR 102.03
RUB 1.06

Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схеманын бети ачылды

УКМК Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте электрондук аукциондордогу коррупция жана ижарадан түшкөн кирешелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштеринин жүрүшүндө коррупциялык схеманын бетин ачты.

Атайын кызмат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте Финансы жана көзөмөл бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүрүшкөнүн белгиледи.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы . Шектүү
Аталган факт боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Финансы жана көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 29 жаштагы С.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар