20:21
USD 87.45
EUR 101.58
RUB 1.07

Садыр Жапаров 2020-жылдагы окуя боюнча: «Бир аз болгондо Кыргызстан талкаланмак»

Бүгүн Кыргызстан 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларды эстеп жатат. Мындан туура беш жыл мурун бийлик алмашууга алып келген кескин өзгөрүүлөр болгон. Бул мааракеге карата президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине көлөмдүү маек куруп, анда ал күндөр, премьер-министрлик кызматтагы алгачкы кадамдары, акыркы жылдары өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу кеп кылды.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров 2020-жылдагы окуя боюнча: «Бир аз болгондо Кыргызстан талкаланмак»

"Албетте, ишти алып кетүү абдан эле оор болду. Өлкөдө башаламандык. Саясий күчтөр он чактыга бөлүнүп алышып, элди да бөлүп-жарышып ар кимиси өз көмөчүнө күл тарткандар. Анысы аз келгенсип сырткы күчтөрдүн басымы күч болуп турду«,- деп эскерди мамлекет башчысы.

Президент «Мародёрлук кылбагыла, шаарды талкалабагыла, бийликти басып албагыла» деген сыяктуу кайрылууларды жасагандыгын айтты

«Биринчи кезекте ушундай стабилдүүлүк керек болчу. Стабилдүүлүктү калыбына келтирбесек, көп убакытка чейин башаламандык улана бермек. Шаар ичине ар кайсы жерлерге ыктыярчылардан турган топторду түзүп, мародёрлукка жол бербөө иштерин уюштуруп жаттык. Ошол себептен 10 күн бою эч бир айнек сынбастан, дүкөндөр тонолбостон, стабилдүүлүк болуп турду», — деди президент.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Биринчи кадам стабилдүүлүктү калыбына келтирүү болчу. Келтире алдык. Экинчи кадам башкаруу системасын жаңыдан түзүү болчу. Аны да түзө алдык.

Эгер 2020-жылы бийлик алмашпаганда бүгүн Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары бар болот беле же жок болот беле — бир Кудай өзү билет.

Садыр Жапаров

Бюджеттин дефицити 30 миллиарддан ашык, пандемия убагында алынган 350 млн доллар карыз менен дефициттин жарымын жапса, жарымын социалдык төлөмдөргө жумшап салышкан.

Кредит алып эмгек акы, пенсия-пособия тараткан мамлекет — чачырап бара жаткан мамлекет деп айтсак болот.

Үчүнчү кадам экономиканы көтөрүш керек эле. Мына бүгүн, Кудайга шүгүр, экономикабыз өсүү темпи менен бара жатат. Мурда кайыр сурап, грант сурап эле жүргөн мамлекет болсок, эми эч кимден грант сурабайбыз.

Акыркы 5 жылда эч бир өлкөдөн грант сураган жокпуз.

Президент башкы максатым баарын бир столго олтургузуп, «өтөр өттү, кетер кетти, эми бири-бириңер менен акыйнек айтышпай, тынчыгыла» деген сөздү айтмандыгын белгиледи.

«Ага чейин билесиздер, Акаев менен Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков болуп тарапташтары да тирешип, чабышып, акыйнек айтышып, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү ЖМКларга чейин чыгып турушчу. Булардын баары жөн кишилер эмес, аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр мамлекет башкаргандар. Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болуп калган кишилер.

Анан эле баары бири-бири менен чабышып атса, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда тынч эмес деп ойлойт экен да. Албетте, инвестор келбейт. Далай ири инвесторлорду көрдүм. Кыргызстан дегенде буйтай качышат экен. Чакырсаң эле «Оо кокуй, силер революция кыла берген, ынтымагыңар жок мамлекетсиңер. Силердин мамлекетке инвестиция салыш коркунучтуу, акча тынчтыкты сүйөт» дешет.

Ошондон улам баарын чогултуп айтчу сөзүмдү айттым. Ошондон кийин бири-бири менен урушпай калышты. Тарапташтары да тынчышты. Дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык», -деп айтты мамлекет башчысы.

Мына ошондон кийин инвесторлор агылып келе башташты. Бүгүнкү күндө тикелей келген инвестициянын көлөмү эле миллиард долларга жетип жатат. Экономикалык өсүш баштаганын айтты.

Сөзүнүн соңунда алдыда боло турган шайлоо боюнча мындай деди: «Бир дагы талапкер же эл ичинен кимдир бирөөлөр шайлоо таза эмес өттү деп айта албайт. Жасалма шайлоолор артта калды. Эми эл өздөрү оңолуш керек. Добушун сатпаш керек. Эгер эл массалык түрдө добушун сатса, бийлик күнөөлүү эмес да. Ошондуктан бул жолу эл өзү көзөмөлгө алыш керек»

Эң көп окулган жаңылыктар