15:41
USD 87.45
EUR 101.55
RUB 1.07

Кыргызстанда «Хизб- ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар деп шектелген үч жаранды кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Уюмдун кармалган активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган Н.А.К., 1992-жылы туулган У.М.И., 1991-жылы туулган Г.К.А. аттуу КР жарандары экстремисттик идеологияны тараткан жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенген.

Тактап айтканда, У.М.И. экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 1 тергөө абагына киргизилип, аталган уюмдун ячейкасынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү, алардын ишине катышуусу, ошондой эле экстремисттик материалдарды таратуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелеринде каралган кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар