02:54
USD 87.45
EUR 101.25
RUB 1.07

Бажы кызматы бюджетке 102,1 миллиард сом чогултту

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылдын үчүнчү кварталындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республикалык бюджетке 102,1 миллиард сом бажы төлөмдөрү түшүп, пландан 2,4 миллиард сомго көп түшкөн.

Коллегиянын жыйынында санариптик реформаларга басым жасалды. Транзиттик көзөмөлдү жана электрондук документ жүгүртүүнү жеңилдеткен «Акылдуу бажы» улуттук платформасы ишке кирди.

«Достук» постунда электрондук кезек күтүү системасы пилоттук түрдө ишке киргизилип, жакын арада Торугарт постунда ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, Салык кызматы менен «Тундук» системасы аркылуу маалымат алмашуу электрондук форматка өткөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында бажы кызматынын иши канааттандырарлык деп табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар