КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылууга жана кандай гана формада болбосун басмырлоого жол бербөөгө чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчы Бишкектеги Евразия сейил багында жети жашар Айлин менен анын апасынын кабыл алынгыс кырдаалына тынчсыздануусун айтып чыкты.
Айлиндин апасынын айтымында, Даун синдрому бар кызынын жакында эле омурткасына операция жасалгандыктан, азырынча өз алдынча баса албайт.
«Мен кызымды ат аттракционуна отургузуп, өзүм жанында кармап турайын дегем. Бирок сейил бактын кызматкерлери бул аттракцион 14 жашка чейинки балдар үчүн деген жүйө менен бизшге уруксат беришкен жок. Кызым менин жардамымсыз отура албайт. Буга чейин, башка сейил бактарда эч тоскоолдуксуз эле түшүп жүрчүбүз», — деди кыздын апасы.
Акыйкатчы Бишкек шаарынын мэриясына текшерүү жүргүзүп, кыздын аттракционго кирүүсүнө бөгөт болгон эреженин негиздүүлүгүн тактоого чакырган кат жолдоду.
Жамиля Жаманбаева мындай учурлар кийин дагы кайталанбашы үчүн сейил бактын кызматкерлерин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, өзгөчө балдарга туура жана сый мамиле жасоону үйрөтүүнү сунуштады.
Акыйкатчы белгилегендей, аттракциондорго кирүү эрежелери коопсуздук жана техникалык талаптардын негизинде гана так жана тушүнүктүү түрдө жөнгө салынууга тийиш.
Жамиля Жаманбаева муниципалитетти бардык жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, анын ичинде сейил бактардын аймагындагы жеткиликтүүлүк шарттарын жакшыртууга: коопсуз эс алуу зоналарын, пандустарды жана ыңгайлаштырылган аттракциондорду жабдууга чакырат.
Ага Кыргызстан 2019-жылы ратификациялаган БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясы милдеттендирет. Ал эми Конституцияга ылайык балдар — өлкөнүн эң башкы байлыгы болуп саналат.
Акыйкатчы белгилегендей, тең укуктуулук — бул адамдын негизги укугу, ага ылайык коомдун бардык мүчөлөрүнүн жашоо жана эркиндик укуктары бирдей.
Мамлекет ар бир жарандын укугу урматталып, корголгон адилеттүү жана инклюзивдүү коомду курууга умтулушу зарыл.