13:08
USD 87.45
EUR 102.84
RUB 1.06

Американын ишкерлери Кыргызстанга келет

АКШнын ишкерлери «Кыргызстан — АКШ» бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келет. Бул тууралуу Америкалык соода палатасы маалымдайт.

Маалыматта америкалык бизнесмендер соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды жакшыртуу максатында 10-12-июлда Кыргызстанда болору айтылат.

Алардын катарында, AGCO, Baker & McKenzie и General Electric, AES, Mobilized Construction, American Councils for International Education, Coca-Cola компанияларынын өкүлдөрү келери белгилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар