15:18
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Учурда шайлоочулардын саны — 2 миллион 893 миң 453 киши

Учурда шайлоочулардын саны - 2 миллион 893 миң 453 киши. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев маалымдады.

Ал ар бир райондо штабтар түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси, дареги такталып жаткандыгын билдирди.

«Боршайком менен биргеликте Кыргызстанда 1 миң 72 аты жок жана аттары окшош көчөлөр бар экени аныктаклды. Биометриялык маалыматтарын тапшыргандардын тизмесинде 2 миллион 954 миң 547 жаран бар. Андан 26 миң 33ү өлүмүнө байланыштуу жана 2 миң 964 жарандыктан чыккандыгына байланыштуу тизмеден чыгарылды», — деди Дастан Догоев.

Эң көп окулган жаңылыктар