Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта Меккеге сапар алат. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Алардын айтымында, зыяратчылардын бир тобу визаларды алып, учуп кетүүгө даяр.
Алгач Бишкектен үч аба каттамы учат. Андан кийин 12 каттам Ош шаарынан жөнөтүлөт.
Жалпысынан 4 миң 585 киши ажылыкка жөнөп жатат.