Ош облустук соту «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновду актады. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине соттон билдиришти.
Эскерте кетсек, өткөн айда Кара-Суу райондук соту аталган кримтөбөлдү актаган. Ал ИИМдин полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө айыпталган. Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн алдында ок атылып өлтүрүлгөн.Ал 35 жашта болчу. Артында төрт баласы калды.
Буга чейин Толкунбек Шоноевдин атасы райондук соттун чечимине даттанбастыгын, ИИМ, прокуратура жана сот органдарына ишеними кеткендигин билдирген.