12:44
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Ооган согушунун ардагери жол кырсыгында набыт болду

Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Тыныбек Кадыров жол кырсыгынан набыт болду. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине парламенттин депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

«Мен аны кечээ эле көрдүм. Түнү аялы чалып, жол кырсыгы болгондугун айтты. Үйгө бара жатып, уктап кетип, түркүктү сүзүп алган окшойт», — деди ал.

Тыныбек Кадыров ооруканада алган жаракаттан каза тапты.

Эң көп окулган жаңылыктар