23:01
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Жаш активисттер жол кырсыгын азайтуу үчүн түлөө өткөрүшөт

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун жаштары акыркы мезгилде көбөйгөн жол кырсыктарын азайтуу үчүн түлөө өткөрүшөт. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине акциянын уюштуруучусу Келдибек Жээнбеков билдирди.

«Үч облустун жаштары топтолуп, элдердин жолдогу өлүмүн азайтуу үчүн ушул салтты ырымды өткөрүп коюлу дедик», — деди Келдибек Жээнбеков.

Азыр жаштар мал сатып алып жатышат. Ырымды Жалал-Абаддын кире беришинде 3-сентябрда өткөрүшөт.

Жаш активисттер 10 миң кол топтоп, парламентке жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөткөн жаңы мыйзам долбоорун демилгелемекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар