20:58
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга ири инвестор кызыгууда

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга ири инвестор кызыгууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапарынан кийин аталган ГЭСке кызыгуу артууда.

«Ири компаниялар кызыгып жатышат. Мында Өзбекстан дагы инвестор катары катышууга даяр», — деди Дүйшенбек Зилалиев.

Вице-премьер-министр ГЭСти курууга сунуш жөнөткөн компаниянын атын атоодон баш тартты.

Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиеев Бишкектеги расмий сапарында Кыргызстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу курарын айткан. Ислам Каримовдун кезинде Өзбекстан ГЭСтин курулушуна каршылык билдирип, эл аралык уюмдардын трибунасында дагы бул маселени козгоп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар