05:31
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имараты бузулат

Башкы прокуратуранын Киев көчөсүндөгү өрттөнгөн имараты бузулат. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Койчогүл Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, имарат оңдолбой турган болду.

«Жаңы текшерүү өткөн. Ага ылайык имараттын 70-80 пайызы жараксыз жана сейсмологиялык жактан кооптуу деп табылды. Андыктан оңдоп чыгуунун туура эмес. Андан көрө бузуп, курган оң. Азыр тендер токтотулду», — деди ал.

Тендерди өткөрүүгө 120 миллион сом бөлүнгөн.

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель айында өрттөнгөн. Жалпы аянтты 4 миң 650 чарчы метр.

Эң көп окулган жаңылыктар