Кечээ Бишкектин Киев көчөсү менен Эркиндик сейил багынын кесилишиндеги жол кырсыгына катышкан жолтандабас «МИР» телеканалына тиешелүү. Бул тууралуу «24-kg.com» агентигине ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Телеканалдын жетекчилиги айдоочу учурда көрсөтмө берип жаткандыгын айтты.
Эскерте кетсек, кечээ Бишкектин борборундагы кырсыкта № 212 маршрутка жолтандабас менен жол талаша кетип, даракты сүзүп токтогон. Ичиндеги 9 жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан.Милиция жабыркагандардын арасында кош бойлуу аял жана үч жашар бала болгондугун четке кагат.