Талас фермерлери жыл башынан бери 30 миң 110 тонна төө буурчакты экспорттошту. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн агрардык сектор бөлүмүнөн билдиришти.
Алардын айтымында, төө буурчак Түркия, Россия, Казакстан, Болгария жана Чех мамлекетине жөнөтүлдү.
2017-жылы төө буурчак өткөн жылга салыштырмалуу 2 миң гектарга көп аянтка 55 миң гектарга эгилди. Түшүмдүүлүк 18,4 пайызды түзүп, 50-55 сомдон сатылууда.