08:17
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Сооронбай Жээнбеков алгачкы иш сапары менен Москвага барышы мүмкүн

Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден кийин алгачкы иш сапары менен Россияга барат. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине дипломатиялык чөйрөдөгү өздүк булактар билдиришти.

«Албетте алгачкы сапары Россияга болот. Аны менен Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатынын багытын көрсөтөт», — дейт маалымат булагы.

Буга чейин БШК 28-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жарыялары маалымдалган. Сооронбай Жээнбеков 54,79 добуш менен утуп чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар