07:02
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Парламент бүгүн вице-спикерлерди алмаштырат

Жогорку Кеңеште бүгүн төраганын орун басарлары алмаштырылат. Кечээ Чыныбай Турсунбеков отставкага кетип, ордуна Дастан Жумабеков төрага болуп дайындалды.

Белгилүү болгондой, «Республика — Ата Журт» фракциясынан спикердин орун басары Алтынай Өмүрбекова ордунда калышы мүмкүн. Эгер аны алмаштыруу талабы коюлса, анда фракция Талант Мамытовду көрсөтөт.

«Өнүгүү-Прогресса» фракциясынын атынан ким чыгары белгисиз. «Кыргызстан» фракциясынан вице-спикер Данияр Төлөновдун ордуна КСДПдан Асель Кодуранова дайындалышы күтүлөт. «Ата Мекена» вице-спикерликке Сайдулла Нышановду сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар