10:25
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Кыргызстандын Казакстан алдында башкы көзүрү — бул суу

Кыргызстандын Казакстан алдында башкы көзүрү - бул суу. Бул тууралуу бүгүн тегерек стөлдө талдоочу Орозбек Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, Казакстан менен абалды жөнгө салууда Кыргызстандан суудан башка куралы деле жок. Ал Кыргызстан 2010-жылдан бери Киров суу сактагычындагы сууну агыза электигин кошумчалап өттү.

«Киров суу сактагычынан сырткары, Орто-Токой дагы бар. Күч көрсөтүү дайым болуп турары бышык. Анткени, Кыргызстан Борбордук Азияда көздөгү чел сыяктуу. Азыр биз сууну агызабыз дагы, кийин топтойбуз. Ошондо Казакстандын көрөбүз», — деди Орозбек Молдалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар