17:19
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Жалал-Абадда жер титиреди

Кечээ түнү, 21.43тө Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматта зилзаланыны күчү 4 баллга жеткендиги айтылат. Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 6 чакырым түндүк-батышта, Көк–Жангак шаарынан 27 чакырым түштүк-батышта, Сузак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашты. Жалал-Абад шаарында жана Сузак, Жар-Кыштак айылдарында - 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Массы айылында 3 баллды түзгөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар