12:06
USD 87.45
EUR 103.16
RUB 1.06

Апасынан муштум жеп эс учун жоготкон бала мурда да сабалганы аныкталды

Ош шаарында ооруканада комада жаткан бала мурда дагы сабалган. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине даарыгерлер билдиришти.

Алардын маалыматында, баланын бутунан жана жамбашынан эски тактар аныкталды.

«Бала буга чейин дагы сабалган. Азыр абалы өтө оор. Эсине дагы эле келе элек» — дейт даарыгер.

Эскерте кетсек, 2015-жылы туулган А. Бексултан 4-февраль күнү катуу сабалып, мээсине кан уюлуп ооруканага түшкөн. Аны 24 жаштагы өз энеси сабаганын мойнуна алып, камоого алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар