Свердлов РИИБнын кызматкерлери унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабаганга шектүү айдоочуну кармады. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жарандын өздүгү такталууда. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Эске салсак, социалдык түйүндөргө айдоочу унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабагандыгы тууралуу видео жарыяланган.