«Жалал-Абадэлектро» ААКнын кызматкерлери айлыктарын төлөп бербей жатат деп нааразы болушууда. Бул тууралуу алар 24-kg.com агенттигине билдиришти.
«Жакында эле Жогорку Кеңеште Энергохолдингдин төрагасы сентябрда 100 миң сом айлык алганын айтып мактанды. Ал эми биз 3 айдан бери маяна ала элекпиз», -дешти нааразы тарап.
«Жалал-Абадэлектро» ААК маселе тууралуу кабары бар, ал тургай насыя алып кызматкерлерге төлөп берели дешкен. Авгус үчүн төлөмдөрдүн 20-25 пайызы калды.