11:31, 10 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com
Баткен облусунда өз өмүрүн кыйган аскер үй-бүлөсү менен ажырашып кеткен. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын маалыматында, жигит мурдарак апасынан айрылган. Андан кийин үй-бүлөсү бузулган.
Акыркы катында ал аялы менен ажырышып кеткениндиги үчүн өкүнүчүн жана апасын сагынарын айтат. Андан тышкары, ал топтогон акчасынын баарын аялына берүүнү суранат.
23 сержант эс алууда болгону айтылат. Ал 9-декабрда өзүнүн ижарага алган батиринде асынып алган.