Жумгалда сегизинчи класстын окуучусу мектепте мушташтан кийин көз жумду

14:12, 10 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com

Нарын облусунун Жумгал районунда 8-класстын окуучусу мушташтан кийин көз жумду. Маалыматты ички иштер башкармалыгы ырастады.

8-класстын окуучулары волейболдук мелдештен кийин мушташа кеткен. Милиция мушташтын катышуучуларын суракка алууда. Баланын өлүмүнүн себеби азырынча так белгисиз.