Бишкек шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы ЖАМКтын Коргоо жана конвоирлөө департаментинин аскер кызматкеринин өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине ЖАМКтан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Ички кызматты өтөө эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Эске салсак, 30-ноябрда Беловодское айылында жайгашкан түзөтүү колониясында прапорщик өз бөлмөсүндө табелдик тапанча менен өзүн-өзү атып өлтүргөн. Анын жанынан эч кимди күнөөлөбөгүлө деп жазылган кат табылган. Кырсык болгонго чейин анын сүйлөшкөн кызы муунуп каза болгону маалым болду.


