Асанбай кичирайонундагы кафе абаны булгап жатат

14:47, 13 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектеги Асанбай кичирайонундагы Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафе абаны булгап жатат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.

«Ансыз деле асманды кара түтүн каптап турат. Кафе болсо белгисиз бир нерселерди отко жагууда. Түтүн терезеге кирип атат», -деп жазган окурман.