05:44
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Ахматбек Келдибеков кыргыз тилдүү Кыргызтудей басылмасын сотко берди

Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков кыргыз тилдүү Кыргызтудей басылмасын жана журналистин сотко берди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Айтымында, дооланып жаткан сумма 1 миллион сом. Сайтта Ахматбек Келдибековго карата жемкор деп айтылган. Ал бул маалымат ушак экенин жана сот бул берене боюнча күнөөнү андан алып салганын айтты.

Буга чейин Ахматбек Келдибеков «Азия-Ньюс» гезитинин журналистин сотко берип, 2 миллион сом өндүрүп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар