Кант шаарындагы Орусиялык авиабазада иштеген аскер кызматкеринин сөөгү табылды

11:54, 17 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусуна караштуу Кант шаарында Орусиялык авиабазада иштеген аскер кызматкери Владимир Щеблановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты 24-kg.com агенттигине «Кант» ЖККУ авиабазасынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Владимир Щеблановдун сөөгү ижарага алган батиринен табылган.

Saratovnews орусиялык гезиттин маалыматына ылайык, Владимир Щебланов акыркы бир канча жыл Кант шаарында Орусиялык авиабазада иштеген.