Сооронбай Жээнбеков алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт

13:48, 17 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынан билдиришти.

Өлкө башчылары жыл соңунда журналисттерди топтоп, суроолорго ачык жооп берет.

Алмазбек Атамбаев кышында жана жайында маалымат жыйын өткөрүп турган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы ноябрь айында кызматка киришкен. Андан бери чоң маалымат жыйын өткөрө элек.