Жамшитбек Калилов пара алуу боюнча кылмыш иште күбө катары өтүүдө
14:42, 18 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com
Унаа жана жолдор министрлигинин мурунку башчысы Жамшитбек Калилов орун басары
Азимкан Жусубалиевдин пара алгандыгы тууралуу иш боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу журналисттерге УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов билдирди.
Айтымында, Жамшитбек Калиловду күбө катары суракка алышты.
Сагынбек Исмаилов билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө Жамшитбек Калиловдун аракетине юридикалык баа берилет.
Эске салсак, 5-декабрда аты аталган министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Президенттин сынынан кийин Жамшитбек Калилов кызматтан кеткен.