16:33
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

800 миң сомдук белектер. БШК таттууларды кимге сатып бере турганын айтты

Бишкек шаардык кеңеши эмне үчүн 800 миң сомго белек сатып алып жаткандарын 24-kg.com агенттигине түшүндүрүп беришти.

Бишкектин социалдык өнүгүү башкармалыгы БШКга мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ата-энеси жок балдар үчүн белек алууга жардам берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Ага ылайык, 1000 белек сатып алуу пландалган.

Балдар үчүн майрамды 26-декабрда уюштурушат. Ал жакта белектер тапшырылат.

Белектердин жалпы салмагы 1, 751 килограммдан кем эмес болушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар