10:18, 24 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com
«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКсы Тимирязев 10 дарегинде жашаган кардардын кайрылуусун карап чыкты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Адистер арыз ээсинин батирин жана жылуулук пунктун текшерип чыгышты. Аталган турак үйдүн жылуулук системасы иштеп жатат, баардык бөлмөлөрдө температура +20га жетти.
Үй комитетинин төрагасынын маалыматы боюнча, жылуулук боюнча тургундардын арызы жок.
Эске салсак, буга чейин бишкектик тургун үйүндө батареялар араң жылып жатканын айткан.