09:20, 26 декабря 2018, Бишкек - 24-kg.com
«Манас» аба майданынын айланасындагы тумандан улам бир канча каттамдар кармалды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, түрк жана кытайлык түнкү авиакаттамдар кийинки кечки убакытка жылдырылды. Стамбулдан келген каттам Бишкекке саат 14:55те келиши күтүлүүдө.
Шарм-эль-Шейхтин чартердик каттамы план боюнча аба майданга саат 9да конот.