18:49
USD 87.45
EUR 101.17
RUB 1.12

Бийчи Ясмин Жанботоева Санкт-Петербургда өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды

Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучусу Ясмин Жанботоева Санкт-Петербургда өткөн сынак фестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдардын классикалык жана заманбап бий сынагы 4-январдан 8-январга чейин өттү. Ага Бишкектеги хореографиялык окуу жайдын окуучулары катышты.

Аталган иш-чаранын негиздөөчүсү Эл аралык хореографтар бирикмеси саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар