01:02
USD 87.41
EUR 102.75
RUB 1.05

Соттолгон 8 миң жарандын төрт жүз алтымышынын кармалыш шарттары өзгөрүшү мүмкүн

ЖАМК соттолгондордун баарын текшерүүгө ала баштады. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган ведомстводон билдиришти.

Текшерүү жаза мөөнөтүнүн өзгөрүп калышына таасир бериши мүмкүн. ЖАМКтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 8 миң соттолуучу бар, алардын ичинен 460 кишинин кармалыш шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүшү мүмкүн.

«3 ай аралыгында камакта отургандардын баарын текшерип чыгып, материалдарды сотко кайра карап чыгышы үчүн жөнөтөбүз. 6 ай ичинде сот чечим чыгарышы керек», -деп билдиришти ЖАМКтан.

ЖАКМтан билдиришкендей, Жемкорлук боюнча айыпталган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов ушул жылдын 20-мартынан тарта жатак абакка которулушу ыктымал.

Эң көп окулган жаңылыктар