01:56
USD 87.45
EUR 98.83
RUB 1.10

Бишкек мэриясы № 5 кичирайонго өзүнүн кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курат

Бишкек мэриясы № 5 кичирайонго өзүнүн кызматкерлери үчүн көп батирлүү турак жай курат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жер аянты капиталдык курулуш башкармалыгына 2012-жылы көп кабаттуу үйдүн курулушуна деп мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

«2018-жылы аталган башкармалык иштерди сатып алууга сынак өткөргөн. Ага 3 компания катышкан. Келишимди 123 миллион 375 миң 395 сомго «Эм Эс Билдинг» ЖЧКсы түзгөн», -деп билдиришти мэриядан.

Курулуш иштери ипотекалык-үлүштүк насыя программасы боюнча жүрүүдө. Турак жай 72 батирден турат.

Эң көп окулган жаңылыктар