Майыптыгы бар балдардын жөлөк пулдарын жана пенсиялары убагында төлөнбөй жатат. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.
«Биздин балага майыптыгы үчүн жөлөк пулду азыркыга чейин ала албай келебиз. Акча жок деп айтышууда. Февралда 2 айдыкын аласыңар дешти», -дейт окурман.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров төлөмдөр боюнча кармалуу болуп жатканын тастыктады. «Каржы министрлиги каржылоо булагын ушул жылдын 15-январынан тарта ачты, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар акчаларын ала баштады», -деди ал.