Кыргыз-өзбек мамилелери. Соода жүгүртүү 189,6 пайызга өскөн

14:51, 29 января 2019, Бишкек - 24-kg.com

Өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 189,6 пайызга өсүп, 481 миллион долларды түздү. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Айтымында, экспорт 348,2 миллион долларды, импорт 132,8 миллион долларды түзгөн.

«Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Кыргызстандын үлүшү 1,4 пайызды түзөт. Кыргызстан Өзбекстандын соода жүгүртүүсүндө ири үлүшү бар 20 өлкөнүн катарына кирет. Экспорт боюнча 6-орунда, импорт боюнча 20-орунда турат», — деди ал.