Бишкек-Стамбул каттамынын кармалышы. Учактын канаты түтөгөн эмес дешүүдө

16:52, 07 февраля 2019, Бишкек - 24-kg.com

«Манас» эл аралык аба майданы ААКсы эртең мененки Бишкек-Стамбул каттамынын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди.

«Техникалык себептерден улам «Пегасус» авиакомпаниясынын каттамы саат 18:30га жылдырылды. Таңкы саат 7де каттам 2 жолу жылдырылды. Айрым каалоочуларга билеттери башка күнгө жылдырылып, мейманканалар берилди. Калган жүргүнчүлөр учурда «Манас» аэропортунда. Аларга ысык тамак уюштурулду», -деп билдиришти аба майдандан.

Пегасуста канатынан түтүн чыккан эмес деп билдиришти.

Эске салсак, буга чейин жүргүнчүлөр 24-kg.com агенттигине Стамбулга кете турган каттам техникалык себептерден улам учпай калды деп билдиришкен. Анда канаты түтөп жатканын айтышкан.