Улугбек Бабакулов Франциядан расмий түрдө саясий башпаанек алды

10:23, 26 февраля 2019, Бишкек - 24-kg.com

Журналист Улугбек Бабакулов Франциядан расмий түрдө саясий башпаанек алды. Бул тууралуу Фергана басылмасы жазды.

Буга чейин журналист 24-kg.com агенттигинин берген суроолоруна жооп берип жатып, азырынча өз мекенине келе албай тургандыгын айткан.

«Мен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айынан чет жерде жүрөм. Франция бийлиги мага жана үй-бүлөмө бул жакта отурукташууга мүмкүнчүлүк берди», -деген.

Эске салсак, 2017-жылдын июлунда УКМК журналистке карата улуттук, расалык жана диний козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Улугбек Бабакулов чагымчыл мүнөздөгү бар канча макалаларды жазып чыккан. Ал 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен.