Москва шаарында кыргызстандык мекендештер Ак калпак күнүн белгилешти

14:06, 06 марта 2019, Бишкек - 24-kg.com

Москва шаарында кыргызстандык мекендештер Ак калпак күнүн белгилешти. Бул тууралуу кыргыз диаспорадан билдиришти.

Кыргызстандыктар Москва Өкмөтүнүн концерттик залында чогулуп, кыргыздардын улуттук боз үйүн тигишкен. Анда улуттук тамак-аштар дасторконго коюлуп, келген меймандарга концерт тартууланды.