13:05
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Бишкекте төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу

Бишкекте төрөлгөн 4 эмдин абалы туруктуу. Балдар азырынча жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирок өз алдынча дем алып калышты. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Шаардык перинаталдык борборунун кызматкери Алина Токторалиева билдирди.

«Балдардын абалы туруктуу, алар дарыланып жатат. Тамакты көбүрөөк жеп башташты», -деди ал.

Алина Токторалиеванын айтымында, 4 эмдин апасы наристелеринин жанында.

Эске салсак, 25-февралда Бишкекте 4 эм төрөлгөн. Балдар 7 айлык болуп төрөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар