Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги азырынча Нооруздун урматына дем алыш күндү жылдыруу тууралуу чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Фейсбук социалдык түйүнүндө дем алышты жылдыруу тууралуу маселе талкууга алынууда. Анда 17-март жекшемби күндү иш күнү кылып, ал эми 22-март жуманы дем алыш күн кылып жарыялоо талкууланган. Алардын пикиринде, Ноорузга карата 4 күн эс алуу болмок.
Бирок, аталган министрлик азырынча эч кандай чечим кабыл ала элек. Бул маселенин үстүндө ойлонуп жатышат.


