Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион толугу менен оңдоодон өтөт

09:13, 26 марта 2019, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион толугу менен оңдоодон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, жуунуучу жай жана ажатканасы оңдолуп жатат.

«Сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолууда», — деп жазылат маалыматта.

Аталган стадион 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан.