15:38, 26 марта 2019, Бишкек - 24-kg.com
Быйыл Орозо айы майдын башында башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Алардын маалыматында, Орозо айынын так датасы белгилене элек.
«Адаттагыдай эле айга карап айтылат. Бирок, божомолдуу күнүн он күн мурда билдиребиз», — дейт муфтият.
Өткөн жылы Орозо 17-майда башталган. Айдын башталышы жыл сайын 10 күнгө алдыга жылат.