Суроо-жооп. Жаныбарларды бычууга ислам жол бербейт

10:46, 01 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com

24-kg.com агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мышыкты бычууга ислам кандай карайт?

Жооп: Ислам жаныбарларды бычууга каршы. Белгилүү аалымдардын бири Абдулла ибн Аббас жаныбарларды бута катары колдонууга, бычууга дагы тыюу салынгандыгын айткан. Бул хадис имам Аль-Баззаранын хадистеринде жазылган.