02:55
USD 87.44
EUR 102.65
RUB 1.07

Кыргыз радиосунда «күү күнү» өтөт

5-апрелде Кыргыз радиосунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин «күү күнү» өтөт. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине аталган радиодон билдиришти.

Маалыматка ылайык, программанын алкагында комузчу, күүчүлөр бир студияда «Камбаркан», «Ботой», «Шыңгырама», «Кербез» баш болгон күүлөрдү чертишет.

Бул күнү иш-чарага СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, КРдин эмгек сиңирген артисти Намазбек Уралиев, комузчулар Рахат Көчөрбаев, Жусуп Айсай, Нурзат Орозалиева, «Акак» жана «Сезим» комузчулар ансамбли, «Камбаркан», «Ордо сахна» фольклордук — этнографиялык ансамблдеринин комузчулары, «Өмүр» тобу катышат.



Эң көп окулган жаңылыктар