Эртең Бишкекте «7-апрель шейттеринин» мечитинин ачылуу аземи болот

12:16, 03 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com , Элеонора КЫДЫРОВА

Эртең Бишкекте саат 10.00дө «7-апрель шейттеринин» мечитинин ачылуу аземи болот. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине мечиттин кызматкери билдирди.

Фото

Маалыматка ылайык, мечиттин ачылышына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүүдө. Мындан тышкары белгилүү дин аалымдары катышат.

Фото

Эске салсак, аталган мечиттин курулушу 2015-жылдын апрелинде башталган. Диний жайды куруу демилгеси мурунку өлкө башчысына таандык. Ал Бишкектеги 7-кичи райондо жайгашкан жеке жер аянтын мечит курууга бөлүп берген.