20:39
USD 87.45
EUR 102.01
RUB 1.08

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 186 бейтап кайрылган

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (07.04.19ж.) 186 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 155и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 54тү ооруканага жаткырылган, алардын 44ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 61 адам кайрылса, алардын 20сы ооруканага жаткырылып, 41 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 21 адам кайрылса, 12си ооруканага жаткырылган.Кызамык оорусу менен 7 кайрылып, алардын 6сы ооруканага жаткырылган», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар