12:43, 12 апреля 2019, Бишкек - 24-kg.com
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы боюнча маалыматка дагы эле чекит коюла элек. Бул боюнча бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчету учурунда айтылды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек ара иштери боюнча өкмөттүн адиси Курбанбай Искандаров кызматтык этиканы бузгандыгы үчүн жумуштан кеткенин билдирди. Өкмөт башчысынын айтымында, ал вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жөнүндө депутаттарга маалымат берип, сөз тараткан.
Жеңиш Разаков боюнча маалымат такталса, ал дагы иштен алынарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары менен кызматташтыгы боюнча маалымат бир нече жылдан бери айтылып келет. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. УКМК териштирүү жүргүзүп Жеңиш Разаковго байланыштуу маалымат такталбаганын жарыялаган.